КВАНТОР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КВА́НТОР (лат. quantum – канча) – матем. логиканын предикаттарын эсептөөгө колдонулган логикалык операторлордун жалпы аты. Логикалык оператор сүйлөмдүн ички логикалык курамын, жаңы субъекти м-н предикаттын өз ара катышын ж-а логикалык ойдун сандык мүнөздөмөсүн билдирет. К-дун эки түрү бар: ж а л п ы л ы к К-у («бардык», «ар бири» д. у. с. сөздөрдүн эквиваленти ж-а анын белгиси «'llх ) ж-а б а р б о л у у К-у («кээ бир», «болот» д. у. с. сөздөрдүн эквиваленти ж-а анын белгиси –х). Мис., «'llх жалпылык К-у «бардык х үчүн» дегенди, ал эми –х бар болуу К-у «кээ бир х үчүн» дегенди билдирет. «К.» терминин амер. математик, философ Ч. Пирс киргизген (1885).
Ад.: Мендельсон Э. Введение в математическую логику. М., 1984.