КАШТАН: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КАШТА́Н (Castanea) – өсүмдүктөрдүн кара кайыңдар тукумундагы дарак уруусу. К-дын 14 түрү Түн. Америка, Япония, Кытай, Жер Ортолук дениз жээктеринде өсөт. КМШ өлкөлөрүндө 1
гана түрү – эгилме же кадимки К. Кавказдын
Кара деңиз жээги, Закавказье ж. б. жерлерде
өстүрүлөт. Бийикт. 35 м, диаметри 2 мдей. Көп жыл (500 жылдан ашык) өсөт. Тамыры жерге терең кирет. Гүлү майда, сөйкөчөдөй, ак, жалкы же кош жыныстуу; кайчылаш чаңдашат.
Мөмөсү – жаңгакча, күрөң кабыгы жука, ар
чанакта үчтөн мөмө болот. Кычкыл боз топурактуу, жылуу, жарык ж-а нымдуу жерде жакшы
өсөт. К. 5–10 жылда мөмөлөйт. Мөмөсү кондитер ө. ж-нда пайдаланылат. Данында 60% крахмал, 17% кант, 8–11% азоттуу зат, 2% май
болот. Жыгачы суу астындагы курулмаларда, курулушта, кабыгы кездеме боёодо пайдаланылат. Кырг-нда парк, көчөлөрдө кооздук үчүн
өстүрүлөт.