КАШКАР ЖУП ЖАЛБЫРАКЧАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
4 сап: 4 сап:
өркүндөрүндө жалбырактары тушташ экиден,
өркүндөрүндө жалбырактары тушташ экиден,
эскилеринде топтошуп жайгашат. Гүлдөрү сап­туу, 1–2ден жалбырак колтугунда жайгашат,
эскилеринде топтошуп жайгашат. Гүлдөрү сап­туу, 1–2ден жалбырак колтугунда жайгашат,
жалбыракчалары 3 (4), эттүү, сүйрү мөмөсүндө кала берет. Кутучаларынын уз. 23 <i>мм</i>ге жакын,
жалбыракчалары 3 (4), эттүү, сүйрү мөмөсүндө кала берет. Кутучаларынын узундугу 23 <i>мм</i>ге жакын, эни 1–3 <i>мм</i>. Сүйрү, түп жагы учтуу, чоку жагы жалпак, үч канаттуу, канаттары уясынан 1,5–2 эсе жазы. Уясында 1–2 уругу саргыч. Мөмөсү август айында бышат. Деңиз деңгээлинен 1400–1700 <i>м</i> бийикте таштак чөлдөрдө кездешет. Кашкарга жакын тоо кыркаларында, Кыргызстандын Борбордук Теңир-Тоо кыркаларында кездешет.
эни 1–3 <i>мм</i>. Сүйрү, түп жагы учтуу, чоку жагы
жалпак, үч канаттуу, канаттары уясынан 1,5–
2 эсе жазы. Уясында 1–2 уругу саргыч. Мөмөсү
август айында бышат. Деңиз деңг. 1400–1700 <i>м</i>
бийикте таштак чөлдөрдө кездешет. Кашкарга жакын тоо кыркаларында, Кырг-ндын Борб. Теңир-Тоо кыркаларында кездешет.
[[Категория:4-том, 204-256 бб]]
[[Категория:4-том, 204-256 бб]]

09:51, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КАШКАР ЖУП ЖАЛБЫРАКЧАСЫ (Zygo- phyllum kascharicum) – жуп жалбырактуулар тукумундагы ийри-буйру өркүндүү бадал. Кабы­гы кырдуу, боз түстө, жыгачы сары. Жан жал­быракчалары майда, жаргак сымал. Жаш өркүндөрүндө жалбырактары тушташ экиден, эскилеринде топтошуп жайгашат. Гүлдөрү сап­туу, 1–2ден жалбырак колтугунда жайгашат, жалбыракчалары 3 (4), эттүү, сүйрү мөмөсүндө кала берет. Кутучаларынын узундугу 23 ммге жакын, эни 1–3 мм. Сүйрү, түп жагы учтуу, чоку жагы жалпак, үч канаттуу, канаттары уясынан 1,5–2 эсе жазы. Уясында 1–2 уругу саргыч. Мөмөсү август айында бышат. Деңиз деңгээлинен 1400–1700 м бийикте таштак чөлдөрдө кездешет. Кашкарга жакын тоо кыркаларында, Кыргызстандын Борбордук Теңир-Тоо кыркаларында кездешет.