КАШКАЛАК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:29, 10 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы

КАШКАЛАК – Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука р-нундагы кыштак. Т. Балтагулов атн. айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1152 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ала-Бука кыш­нан 12 км түш.-чыгыш тарапта. Наманган т. ж. бекетинен 63 км. Калкы 2808 (2007); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, мад-т үйү, бала бакча, ста­дион бар. Мончо, тегирмен, майжуаз цехтери иштейт.