КАШКАЛАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКАЛАК – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кыштак. Т. Балтагулов атындагы айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1152 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Ала-Бука кыштагы­нан 12 км түштүк-чыгыш тарапта. Наманган темир жол бекетинен 63 км. Калкы 2221 (2022); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү, бала бакча, ста­дион бар. Мончо, тегирмен, майжуаз цехтери иштейт.