КАНАЛ (кибернетикада): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАНАЛ to КАНАЛ (кибернетикада)) |
(Айырма жок)
| |
07:38, 3 Ноябрь (Жетинин айы) 2025 -деги абалы
КАНА́Л к и б е р н е т и к а д а – маалыматты берүүгө арналган түзүлүш. Кириш ж-а чыгыш маалыматтардын түзүлүшүнө жараша канал дискреттүү ж-а үзгүлтүксүз болуп бөлүнөт. Д и с кр е т т ү ү каналда маалыматтар бир түрдүү же ар кандай «алфавиттерден» турган «тамгалардын» удаалаштыгынан турат (к. Код). Ү з г ү л т ү кс ү з каналда маалыматтар функциянын үзгүлтүксүз параметрлеринин (t) мааниси боло алат. Берүү, кабыл алуу, өзгөртүү ж-а маалымат каттоочу биргелешкен байланыш линиялары м-н жабдылган жасалгалардын жыйындысы маалымат каналына кирет. Каналдын баштапкы ж-а акыркы түзүлүштөрү телефон, телеграф аппараттары, магнитофон, перфоратор, ЭЭМ, лазер, акустикалык ж. б. приборлор болушу мүмкүн.