КАНАЛ (кибернетикада)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАНА́Л к и б е р н е т и к а д а – маалыматты берүүгө арналган түзүлүш. Кириш ж-а чыгыш маалыматтардын түзүлүшүнө жараша канал диск­реттүү ж-а үзгүлтүксүз болуп бөлүнөт. Д и с к­р е т т ү ү каналда маалыматтар бир түрдүү же ар кандай «алфавиттерден» турган «тамгалардын» удаалаштыгынан турат (к. Код). Ү з г ү л т ү к­ с ү з каналда маалыматтар функциянын үзгүлтүксүз параметрлеринин (t) мааниси боло алат. Берүү, кабыл алуу, өзгөртүү ж-а маалымат каттоочу биргелешкен байланыш линиялары м-н жаб­дылган жасалгалардын жыйындысы маалымат каналына кирет. Каналдын баштапкы ж-а акыркы түзүлүштөрү телефон, телеграф аппараттары, магнитофон, перфоратор, ЭЭМ, лазер, акусти­калык ж. б. приборлор болушу мүмкүн.