КАЛЬМАРЛАР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 2 сап: | 2 сап: | ||
[[File:КАЛЬМАРЛАР19.png | thumb | none]] | [[File:КАЛЬМАРЛАР19.png | thumb | none]] | ||
Ба­шында 8 буту, 2 тинтүүрү бар. Тинтүүрүндө төрт же андан көбүрөөк катар соргучтары бо­лот. Скелети мүйүз сымал ичке пластинка (гладиус). Барды­гынын радуласы ж-а сыя баштыкча­лары бар. Тайыз сууда жашоочу кальмарлар түсүн өзгөртүп ту­рат, тереңдегилери бир түстө же түс­сүз. Көбүнүн жарык чыгаруучу органдары бар. Кальмарлардын 25 тукуму, 85тен ашык уруусу, 250дөн ашык түрү Арктикадан Антарктидага чейин та­ралган. Кальмарлар – үйүрү м-н жүргөн активдүү жырт­кычтар. Деңиз түбүндөгүлөрү – аз кыймылда­ган макропланктонофагдар. Кальмарлар – кашолоттун, ошондой эле кээ бир деңиз жаныбарларынын негизги азыгы. Кальмарлар – фармацевтика өнөр жайынын сырьё бу­лагы. | Ба­шында 8 буту, 2 тинтүүрү бар. Тинтүүрүндө төрт же андан көбүрөөк катар соргучтары бо­лот. Скелети мүйүз сымал ичке пластинка (гладиус). Барды­гынын радуласы ж-а сыя баштыкча­лары бар. Тайыз сууда жашоочу кальмарлар түсүн өзгөртүп ту­рат, тереңдегилери бир түстө же түс­сүз. Көбүнүн жарык чыгаруучу органдары бар. Кальмарлардын 25 тукуму, 85тен ашык уруусу, 250дөн ашык түрү Арктикадан Антарктидага чейин та­ралган. Кальмарлар – үйүрү м-н жүргөн активдүү жырт­кычтар. Деңиз түбүндөгүлөрү – аз кыймылда­ган макропланктонофагдар. Кальмарлар – кашолоттун, ошондой эле кээ бир деңиз жаныбарларынын негизги азыгы. Кальмарлар – фармацевтика өнөр жайынын сырьё бу­лагы болуп эсептелет. | ||
[[Категория:4-том, 1-50 бб]] | [[Категория:4-том, 1-50 бб]] | ||
09:36, 1 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАЛЬМАРЛАР (Teythida) – баш буттуу моллюскалар түркүмү. Дене узундугу 2 смден 5 мге жетет. Ири кальмарлардын узундугу 6–13 мге (тинтүүрү м-н), кээде 18 мге, салмагы 300 кгдан 1 тга чейин жетет.

Башында 8 буту, 2 тинтүүрү бар. Тинтүүрүндө төрт же андан көбүрөөк катар соргучтары болот. Скелети мүйүз сымал ичке пластинка (гладиус). Бардыгынын радуласы ж-а сыя баштыкчалары бар. Тайыз сууда жашоочу кальмарлар түсүн өзгөртүп турат, тереңдегилери бир түстө же түссүз. Көбүнүн жарык чыгаруучу органдары бар. Кальмарлардын 25 тукуму, 85тен ашык уруусу, 250дөн ашык түрү Арктикадан Антарктидага чейин таралган. Кальмарлар – үйүрү м-н жүргөн активдүү жырткычтар. Деңиз түбүндөгүлөрү – аз кыймылдаган макропланктонофагдар. Кальмарлар – кашолоттун, ошондой эле кээ бир деңиз жаныбарларынын негизги азыгы. Кальмарлар – фармацевтика өнөр жайынын сырьё булагы болуп эсептелет.