КАЙЫРМА (Базар-Коргон районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАЙЫРМА 1 to КАЙЫРМА (Базар-Коргон районундагы кыштак)) |
(Айырма жок)
| |
08:03, 8 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАЙЫРМА – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Акман айыл округуна караштуу. Ош – Бишкек автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 720 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 10 км түштүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 23 км. Кыштак 1900-жылы негизделген. Калкы 1606 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, мончо, мечит бар. Соода түйүндөрү иштейт. Кыштак чоң жолдун имерилишинен орун алгандыктан, «Кайырма» аталып калган.