ИБН ХАУКАЛ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИБН ХАУКАЛ</b> , А б у-л К а с ы м ан-Насиби и б н Х а у к а л (туулган, өлгөн жылы белгисиз) – араб тарыхчысы, географ. Саякатчы катары да бел­гилүү. Ибн Хаукал жөнүндө маалымат өтө аз. Кээ бир маа­лыматтар боюнча Ибн Хаукал Жогорку Месопотамиянын Насибин шаарында туулган. Ал Азия, Африка, Ев­ | <b type='title'>ИБН ХАУКАЛ</b> , А б у-л К а с ы м ан-Насиби и б н Х а у к а л (туулган, өлгөн жылы белгисиз) – [[араб]] тарыхчысы, географ. Саякатчы катары да бел­гилүү. Ибн Хаукал жөнүндө маалымат өтө аз. Кээ бир маа­лыматтар боюнча Ибн Хаукал Жогорку Месопотамиянын Насибин шаарында туулган. Ал [[Азия]], [[Африка]], [[Европа|Ев­ропа]]нын көп жерин кыдырган, бирок [[Мавераннахр|Маве­раннахр]]да болгону так эмес. Ибн Хаукал өз китебин Истахри Абу Исках сыяктуу «Китаб ал-маса­лик ва-л-мамалик» («Өлкөлөр менен жолдор­дун китеби») деп атаганы менен, кээ бир бөлүм­дөрүндө «Китаб сурат ал-ард» («Жердин турпа­ты жөнүндө китеп») деген аталышты колдон­гон. Бул китеп биринчи жолу 952–967-жылдарда ара­лыгында, экинчи жолу 977-жылы редакцияланган. [[Түрк уруулары]] жашаган жер чегинин жалпы абалына кошуп, [[Орто Азия]] элдеринин тарыхый ­географиялык, этнографиялык абалы, жаратылышы тууралуу маанилүү кабар берет. «Мавераннахр» деген бөлүмүндө Бухара, [[Самарканд]], Ушрусан, Исфи­жаб, Шаш, [[Фергана]], [[Хорезм]] жерлеринин бор­бору, шаар-кыштактар да сүрөттөлөт. Китептин акыркы бөлүмүндө азыркы [[Кыргызстан]]дын аймагында­гы шаарлар, жолдор, жер байлыктары жөнүндө маа­лыматтар бар. Ибн Хаукал өз эмгегинде Орто Азия элде­ри тууралуу кабарларды башка авторлордун эм­гегинен ([[ибн Хордадбек]], ал-Жайхани, [[Кудама]] ибн-Жафар) тандап алганына карабай, ал ки­тептеги көп маалыматтар башка авторлордо жо­лукпайт. Мисалы, Ибн Хаукал боюнча хирхиздердин (кыр­гыз) жери түрк уруулары менен тактап айтканда огуздарга чектешкени ал-Истахриде жок. Ибн Хаукалдын эмге­ги алгач 1873-жылы француз, кийин 1938-жылы [[Латын|ла­тын]] тилинде жарык көргөн. | ||
Ад.: <i>Крачковский И. Ю.</i> Арабская географическая литература // Изб. соч. Т. IV. М.; Л., 1957; Источнико­ведение Кыргызстана. Б., 1996; 2-е доп. изд. 2004. | Ад.: <i>Крачковский И. Ю.</i> Арабская географическая литература // Изб. соч. Т. IV. М.; Л., 1957; Источнико­ведение Кыргызстана. Б., 1996; 2-е доп. изд. 2004. | ||
06:25, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ИБН ХАУКАЛ , А б у-л К а с ы м ан-Насиби и б н Х а у к а л (туулган, өлгөн жылы белгисиз) – араб тарыхчысы, географ. Саякатчы катары да белгилүү. Ибн Хаукал жөнүндө маалымат өтө аз. Кээ бир маалыматтар боюнча Ибн Хаукал Жогорку Месопотамиянын Насибин шаарында туулган. Ал Азия, Африка, Европанын көп жерин кыдырган, бирок Мавераннахрда болгону так эмес. Ибн Хаукал өз китебин Истахри Абу Исках сыяктуу «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» («Өлкөлөр менен жолдордун китеби») деп атаганы менен, кээ бир бөлүмдөрүндө «Китаб сурат ал-ард» («Жердин турпаты жөнүндө китеп») деген аталышты колдонгон. Бул китеп биринчи жолу 952–967-жылдарда аралыгында, экинчи жолу 977-жылы редакцияланган. Түрк уруулары жашаган жер чегинин жалпы абалына кошуп, Орто Азия элдеринин тарыхый географиялык, этнографиялык абалы, жаратылышы тууралуу маанилүү кабар берет. «Мавераннахр» деген бөлүмүндө Бухара, Самарканд, Ушрусан, Исфижаб, Шаш, Фергана, Хорезм жерлеринин борбору, шаар-кыштактар да сүрөттөлөт. Китептин акыркы бөлүмүндө азыркы Кыргызстандын аймагындагы шаарлар, жолдор, жер байлыктары жөнүндө маалыматтар бар. Ибн Хаукал өз эмгегинде Орто Азия элдери тууралуу кабарларды башка авторлордун эмгегинен (ибн Хордадбек, ал-Жайхани, Кудама ибн-Жафар) тандап алганына карабай, ал китептеги көп маалыматтар башка авторлордо жолукпайт. Мисалы, Ибн Хаукал боюнча хирхиздердин (кыргыз) жери түрк уруулары менен тактап айтканда огуздарга чектешкени ал-Истахриде жок. Ибн Хаукалдын эмгеги алгач 1873-жылы француз, кийин 1938-жылы латын тилинде жарык көргөн.
Ад.: Крачковский И. Ю. Арабская географическая литература // Изб. соч. Т. IV. М.; Л., 1957; Источниковедение Кыргызстана. Б., 1996; 2-е доп. изд. 2004.
Т. Жуманалиев.