КАУТСКИЙ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КА́УТСКИЙ Карл, К а р л И о г а н н (16. 10. 1854, Прага – 17. 10. 1938, Амстердам) –

германиялык социал-демократиянын ж-а 2-Интернационалдын жетекчилеринин бири, тарыхчы, экономист, философ, публицист. 1874–79-ж. Вена унтинде тарых, философия, экономика ж-а юриспруденцияны окуган. 1875-ж. Австрия социал-демокр. жумушчу партиясына кирген. 1880–82-ж. Цюрихте иштеп жүргөндө Э. Бернштейн м-н достошкон. 1881-ж. Лондондон К. Маркс ж-а Ф. Энгельс м-н таанышып, рев-ялык марксизм позициясына өткөн. 1883–1917-ж. Германия социал-демокр. партиясынын ж-а 2-Интернационалдын теор. органы – «Die Neue Zeit» журналынын редактору. 1885-жылдан Лондондо жашап, 1890-ж. Германияга кайткан. 1880– 90-жылдары «Карл Маркстын экономикалык окуусу» (1887), «Томас Мор ж-а анын утопиясы» (1888) ж. б. эмгектеринде Маркс м-н Энгельстин саясий, экон., социол. ж-а филос. идеяларын системалаштырган. 1891-ж. өзү иштеп чыккан Германия социал-демокр. партиясынын программасынын негизинде «Эрфрут программасына комментарийлер» (1892) жарык көргөн. 20- к-дын башында К. Россия ж. б. Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү рев-ялык кыймылдын өнүгүшүн анализдөөчү эмгектерди жараткан. «Славяндар жана революция» макаласында (1902-ж. «Искра» гезитине басылган) дүйнөлүк пролетардык рев-янын өнүгүшү үчүн славян дүйнөсүндөгү рев-ялык окуяларды чагылдырган. Орус пролетариатынын рев-ячылдыгы Батыш Европа үчүн үлгү деп баса белгилеген. К. 1905–07-ж. Россиядагы рев-яны кубаттап, «Россиядагы дыйкандар жана революция» (1905, орус тилинде), «Кыймылдаткыч күчтөр жана орус революциясынын перспективалары» (1907, орус тилинде) ж. б. китепчелерди даярдаган. Кийинки мезгилдерде К. социал-демократия бийликке рев-ялык жол м-н эмес, парламенттик демократиянын механизмдери аркылуу келиш керек деген оюн билдирген. 1914-ж. К. азыркы капитализмдин ультраимпериализм теориясын иштеп чыккан. Ал теория б-ча В. И. Ленин ж-а солчул социал-демократиянын өкүлдөрү иштеп чыккан империализм – бул капитализмдин өнүгүшүнүн акыркы баскычы деген тезисин жокко чыгарган. 1-
дүйнөлүк согуштун башталышында К. улутчул позициядагы германиялык өкмөттүн өкүлдөрүнө каршы чыгып, Германия көз каранды эмес социал-демокр. партиясынын лидерлеринен болгон. Россиядагы Октябрь революциясын (1917) кабыл албай, большевиктердин саясаты демократия м-н социализмдин идеяларына татыктуу эмес деп эсептеген [«Пролетариат диктатурасы», «Терроризм жана коммунизм», орус тилине 1919-ж. которулган]. Германиядагы Ноябрь рев-ясы (1918) мезгилинде немис социал-демократиясынын оппортунисттик багытын колдогон. 1922-ж. Германия социал-демокр. партиясына
кайра кирген. 1920–30-жылдары марксисттик
философия м-н социологиянын өнүгүшү тууралуу эмгектерин жазган («Үй-бүлө жана никенин пайда болушу», «Христианчылыктын келип
чыгышы», «Тарыхты материалисттик түшүнүү»
1–2-т.). 1938-ж. Австрия аншлюсунан кийин
К. Чехословакияга, андан ары Нидерландга кеткен.
Ад.: Клямкин И. М. Революционный марксизм против методологии ревизионизма и центризма. Воронеж, 1988; Петренко Е. Л. Каутский: очерк социалистических воззрений. М., 1991.