КАТУУ ДИСК: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАТУУ ДИСК , в и н ч е с т е р – дисктин бир түрү. Бир нече диск цилиндр сыяктуу биринин үстүнө экинчиси жайгаштырылып, айландыруучу моторго туташтырылган ж-а ар бир диск окуу-жазуу куралы м-н камсыз кылынган түзүлүш. Флоппи дискке караганда К. д-те жетүү өтө тез аткарылат ж-а анын эсинин көлөмү чоң. К. д-ти сактоо мүмкүнчүлүгү: берилиштер К. д-тин эки тарабына (бетине) сакталат. Эгерде диск киргизгичте бир К. д. орнотулса, анда сактоо үчүн эки бет, эгерде эки К. д. болсо анда төрт бет ж. б. пайдаланылат. Дискет сыяктуу К. д-ти да колдонуу алдында калыптап (форматтап) алуу керек. Форматтоо алдында колдонуучунун каалоосу м-н К. д-ти логикалык диск деп аталган бир нече бөлүккө бөлүп коюу мүмкүнчүлүгү каралган. Ар бир логикалык диск өзүнчө диск катары каралып, аларга ар башка бөлүмдөрдүн берилиштерин сактоого, о. эле бөлүктөрдүн ар бирине ар башка иштетүү системасын орнотууга болот. Жеке компьютердеги К. д-тин логикалык бөлүктөрү Сден башталып, латын ариптеринин ирети м-н аталат. А ж-а В ариптери м-н флоппи диск тейлегичтери белгиленет. К. д-тин көлөмү мегабайт, гигабайт, терабайт же петабайт м-н өлчөнөт. Заманбап жеке компьютердин К. д-теринин сактоо көлөмү бир гигабайттан бир нече ондогон гигабайтка чейин жетти. Бир гигабайт эске ар бир барагы 2000 символдон турган 500000 барак маалымат сакталат.