КАТТАМА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАТТАМА – жука жайылган камырдын бети­не сары май же каймак сүйкөлүп, бир нече кат­талып бышырылган нан. К. ачыбаган жаңы камырдан жасалат. Анын пияздуу К. (камыры пияз чыкка жуурулат), жыттуу К. (камыры сүткө жуурулуп, зире, сейдене кошулат) ж. б. түрү бар. Катуу жуурулган камыр тыныккан соң, үбөлүктөлүп, бетине каймак же май сүйкөлүп, жумурулап катталып, төгөрөктөп оролуп, кай­радан жука жайылат. К-нын кабаты көп бол­сун үчүн жогорку ыкма дагы 2, 3 ирет кайтала­нат. Казанга (кээде көмөч казанга) азыраак сары май куюп, кызыганда камырды салып, адеген­де наркы бетин, анан берки бетине оодарып, кы­зарганча бышырат. Чети жабышып кетпес үчүн улам кашыктап май куят. К-нын кабаты канчалык көп болсо, ал ошончолук даамдуу болуп, жегиликтүү келет.