КАТТАМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТТАМА – жука жайылган камырдын бети­не сары май же каймак сүйкөлүп, бир нече кат­талып бышырылган нан. Каттама ачыбаган жаңы камырдан жасалат. Анын пияздуу каттама (камыры пияз чыкка жуурулат), жыттуу каттама (камыры сүткө жуурулуп, зире, сейдене кошулат) жана башка түрү бар. Катуу жуурулган камыр тыныккан соң, үбөлүктөлүп, бетине каймак же май сүйкөлүп, жумурулап катталып, төгөрөктөп оролуп, кай­радан жука жайылат. Каттаманын кабаты көп бол­сун үчүн жогорку ыкма дагы 2, 3 ирет кайтала­нат. Казанга (кээде көмөч казанга) азыраак сары май куюп, кызыганда камырды салып, адеген­де наркы бетин, анан берки бетине оодарып, кы­зарганча бышырат. Чети жабышып кетпес үчүн улам кашыктап май куят. Каттаманын кабаты канчалык көп болсо, ал ошончолук даамдуу болуп, жегиликтүү келет.