КАТОД-ЛЮМИНЕСЦЕНЦИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАТО́Д-ЛЮМИНЕСЦЕ́НЦИЯ – затты электрондор (катод нуру) м-н дүүлүктүргөндө (бомбалаганда) пайда болуучу люминесценция; радиолюминесценциянын бир түрү, мис., электр-нур түтүгүнүн экранынын жаркыроосу. Газ, мол. кристалл, кристалл-фосфор К.-л. жөндөмүнө ээ. Кристалл-фосфор электрондук нурдун таасирине туруктуу келип, жетишерлик жарык чыгарат, ошондуктан ал катод-люминофор катары колдонулат. К.-л-нын спектри фотолюминесценциянын спектрине окшош. К.-л. вакуум электроникасында колдонулат. К. л. кубулушу лазерди түзүүгө негиз болгон.