КАТЕГОРИЯ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАТЕГО́РИЯ (гр. каt–goria – белги, ой-пикир) т и л и л и м и н д е – семантикалык белгилердин жалпылыгы б-ча өз ара байланышкан ж-а өз алдынча бир система түзүп турган тилдик маанилер. Кыргыз тилиндеги таандык, жак мүчөлөр үч жакты билдирүү м-н өз ара бирдик түзөт. К. түрлөргө семантикасына (денотациялык сөздүн өзү ж-дөгү, семантика-синтаксистик – сөздүн мааниси, колдонулушу ж-дөгү ж. б.), алардын тигил же бул тилде аткарар милдетине (граммат., граммат. эмес), айтылыш жолдоруна (морфол., лексикалык, синтаксистик) жараша ажырайт. Бир тилге зарыл К. экинчи бир тилге зарыл болбошу мүмкүн. Мис., род К-сы орус тилинде бар, кыргыз тилинде зарылдыгы жок. Жак К-лары лексикалык каражаттар м-н ишке ашат. Граммат. (зарыл) К. ошол тилде туруктуу иерархиялык система түзөт. Мис., кыргыз тилиндеги этиштерге жак, чак, сан, ыңгай, мамиле К-лары мүнөздүү.