КАТАРАКТА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАТАРА́КТА (гр. katarrhaktes – шаркыратма) – көз чечекейинин тунарышы. Ал жарык нуру­нун өтүшүнө тоскоол болуп, көрүүнү начарла­тат. Тубаса ж-а кийин пайда болгон түрү бар. Тубаса К. түйүлдүктө эле пайда болот. Анда че­чекейдин тунаруусу жаш өткөн сайын өзгөрбөйт, тунук бөлүктөр сакталып, көрүү анча начарла­байт. Кийин пайда болгон К-да тунаруу чечекей­дин чет жагынан башталса, көрүүнүн начарла­ганы көпкө чейин сезилбейт. Кийинчерээк чет­теги тунаруу ортого чогулуп кошулганда көрүү начарлайт. Буга улгайгандардын К-сы мүнөздүү. Мында бүт чечекей бозоруп, көз дээрлик көрбөй калат. К-нын күчөшүнө кант диабети, көздүн көп оорушу, көздүн майып болушу, о. эле жо­горку темп-ра ж. б. шарт түзөт. Чечекейдин ту­нарышы күчөгөндө хирург. жол м-н дарылайт. Айрым учурда жасалма чечекей коюлат.


Ад.: Евграфов В. Ю., Батманов Ю. Е. Катаракта. М., 2005.