КАТАНОВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАТА́НОВ Николай Фёдорович [6 (18). 5. 1862, Хакасия, Минуса уезди, Турахов улусу, Изюм кыш. – 9. 3. 1922, Казан] – чыгыш таануучу ж-а этнограф, фольклорчу, хакас окумуштуу­су. 1888-ж. Петербург ун-тинин чыгыш таануу ф-тин бүтүргөн. Казан ун-тинин ж-а Россия коомдук ИАнын проф. (1893). Европа тилдерин­де эркин сүйлөп, чыгыш, байыркы ж-а өлгөн тилдерди да билген. Байыркы түрк, рун, шу­мер, шынаа жазууларын, египет, кытай иерог­лифтерин, санскрит, араб тамгаларын, байыр­кы уйгур, арамей графикаларын окуй алган. Сүрөт тартуу, карта түзүүнү да мыкты өздөш­түргөн. Археология, тарых, этнография, тил таа­нуу, ад-т тармактары б-ча 380ден ашуун эмгек­тин автору.


Эмг.: Избранные труды о Хакасии и сопредельных территориях. Абакан, 2004.


Ад.: Кокова И. Ф. Катанов. Абакан, 1993. Наследие Н. Ф. Катанова. История и культура тюркских народов Евразии. Казань. 2006.