КАТАЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАТА́ЕВ Валентин Петрович [16 (28). 1. 1897, Одесса – 12. 4. 1986, Москва] – орус жазуучусу, Соц. Эмг. Баатыры (1974). Чыг-лыгы 1910-жыл­дан башталган. 1926–28-ж. «Ысырапкорлор» по­вестин, «Ар кандай чечилбес иш» комедиясын жазган. 1932–45-ж. аны чебер прозачы катары дүйнөгө тааныткан «Убакыт, алга», «Бүлбүл­дөйт жалгыз жел кайык», «Полктун уулу» (1946, СССР мамл. сыйл.) аттуу чыгармаларын жарат­кан. К. – «Касиеттүү кудук» (1967), «Кубик» (1969) аттуу мемуардык повесттердин ж-а «Ду­балдагы кичинекей темир каалга» (1964), «Унут­каруу чөбү» (1967), «Алмаздуу шөкүлөм» (1978) аттуу публ. повесттердин автору. Анын айрым чыгармаларын кыргыз тилине А. Алдашев, К. Эшмамбетов, К. Алиев, Р. Сулайманкулов, Ш. Шамурзаев ж. б. которгон. Үч Ленин орде­ни м-н сыйланган.