КАТАБОЛИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАТАБОЛИ́ЗМ (гр. katabole – ажыроо), д и с­с и м и л я ц и я – тирүү организмде кармалган же тышкы чөйрөдөн алынган татаал азык зат­тардын – белоктор, нуклеин к-талары, углевод­дор, липиддер ж-а майлардын ферменттик реакциянын жардамы м-н ажырашы. Организм­деги зат алмашуунун анаболизмге карама-кар­шы процесси. К. реакцияларында орг. молеку­лалардагы хим. байланыштардан энергия бөлү­нүп чыгып, АТФтин фосфаттык байланышта­рынын энергиясына айланат. АТФтеги энергия анаболизм реакцияларынын жүрүшүнө ж-а орга­низмдин башка тиричилигине жумшалат. К. аэ­робдук чөйрөдө дем алуу (кычкылдануу), анаэ­робдук шартта ачып-кычуу жолдору м-н жүрөт. Аэробдук дем алууда орг. заттар акыркы затка (СО2 ж-а Н2О) чейин толук ажырап, энергия көп бөлүнүп чыгат. Ачууда заттар толук ажырабай, энергия аз бөлүнүп чыгып, акыркы заттары – ар түрдүү спирттер, орг. к-талар (сүт, май, ли­мон ж. б.) алынат.