КАСЫМОВА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАСЫМОВА Валентина Махмудовна (30. 4. 1944- ж. т.– Нарын обл.– Ак-Талаа р-ну– Дөрбөлжүн айылы) – экономика илимд. доктору (2005)– КРдин илимине эмг. сиң. ишмери (1995). ФПИнин энергетика ф-тин (1966)– Кыргыз CCР ИАнын аспирантурасын (1979)– CCCР Мамл. пландоо к-тинин Бүткүл союздук отун-энерге­тика проблемалары ин-тунун докторантурасын (1991) бүткөн. CCCР ИАнын Космостук из. ин­тунда инженер-конструктор– улук инженер (1967–70)– ФПИде окутуучу (1970–75)– КР Эко­номика министрлигинин ЭИде бөлүм башчы (1975–92)– Бишкек шаардык мамл. админис­трациясында ө. ж. ж-а энергетика департамен­тинин директорунун орун басары (1993–94)– КР Президентине караштуу Стратегиялык из. ин­тунда экономика бөлүмүнүн башчысы (1996–97)– Борб. Азия экон. шериктештигинин мамлекет­тер аралык кеңешинин аткаруу к-тинин эксперти (1999–2002)– 2001-жылдан КРСУнун проф. 70тен ашуун ил. эмгеги жарык көргөн.


Эмг.: Топливно-энергетический баланс Кыргызской Республики на период до 2005 года. Б.– 1990; Вода– энергия– экология. Б.– 2000; Энергетическая про­грамма Кыргызской Республики на период 2005–10 годы. Б.– 2000; Об устойчивом природопользовании в бассейне Аральского моря. Б.– 2002.