КАСЫМОВА
КАСЫМОВА Валентина Махмудовна (30. 4. 1944-жылы туулган, Нарын облусу, Ак-Талаа району, Дөрбөлжүн айылы) – экономика илимдеринин доктору (2005)–КРдин илимине эмгек сиңирген ишмери (1995). ФПИнин энергетика факультетин (1966), Кыргыз CCР ИАнын аспирантурасын (1979), CCCР мамлекеттик пландоо комитетинин Бүткүл союздук отун-энергетика проблемалары институтунун докторантурасын (1991) бүткөн. CCCР ИАнын космостук изилдөөлөр институтунда инженер-конструктор, улук инженер (1967–70), ФПИде окутуучу (1970–75), КР экономика министрлигинин ЭИде бөлүм башчы (1975–92), Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясында өнөр жана ж-а энергетика департаментинин директорунун орун басары (1993–94), КР Президентине караштуу стратегиялык изилдөөлөр институтунда экономика бөлүмүнүн башчысы (1996–97), Борбордук Азия экономикалык шериктештигинин мамлекеттер аралык кеңешинин аткаруу комитетинин эксперти (1999–2002), 2001-жылдан КРСУнун профессору. 70тен ашуун илимий эмгеги жарык көргөн.
Эмг.: Топливно-энергетический баланс Кыргызской Республики на период до 2005 года. Б. 1990; Вода, энергия, экология. Б. 2000; Энергетическая программа Кыргызской Республики на период 2005–10 годы. Б. 2000; Об устойчивом природопользовании в бассейне Аральского моря. Б. 2002.