КАСТАЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАСТАЛАР (португалча casta – уруу, укум-ту­кум, тек) – 1) кишилердин өз алдынча обочоло­нуп жашаган топтору. К-дын кесиби, укугу, коомдогу орду укумдан тукумга өзгөрбөй өтүп турат. К. арасында бир кастадан экинчисине өтүү, кыз алышып беришүү сыяктуу иштер бол­бойт. Ар бир каста өзүнүн салт-адатын, мыйзам­дарын, мурасталган укуктарын ж-а кесипчили­гин бек кармоого тырышат. К. эмгектин коом­дук бөлүнүшүнөн улам чыккан. Алар байыркы ж-а о. кылымдагы эле бир катар мамлекеттер­де болуп, асыресе Индияда катуу өөрчүгөн ж-а узакка сакталган. О. кылымдагы Индияда К. коомдун мурдагы варндарга бөлүнүшүн алмаш­тыр ып, фе одалдык коомдун ие рархия лык түзүлүшүнүн негизине айланган. Алардын коом­догу укугу феодалдык-иерархиялык шатыдагы өзүлөрүнүн алган ордуна жараша аныкталган. К. башында брахмандар ж-а кшатрийлер (рад­жпуттар) К-ы, алардан соң сүткор К-ы, булар­дан кийин дыйкандар ж-а кол өнөрчүлөр К-ы, эң акырында жарым кул ж-а жарым крепост­нойлор К-ынан турган. Кийинкилер көп санда­ган «ыйыктар» К-на кирген. Ар бир кастаны экономика ж-а коомдук иштер б-ча кеңешме­лер башкарып турган. Индиядагы мындай кас­талык түзүлүш алгачкы о. кылымда эле өлкөнүн социалдык-экон. өнүгүшүнө кайчы келип, ка­питалисттик мамилелердин өнүгүшүнөн улам кол өнөрчүлүктү уюштуруу формасы катары К. өз маанисин жогото баштаган. Анткен м-н К. 20-к-га чейин сакталып кала берген. Англ. колониячылар Индиядагы К-лык түзүлүштү «бөл да, деген саясатын жүзөгө ашыруу үчүн пайда­ланган. Индиядагы улуттук-боштондук кыймы­лын жетектеген М. К. Ганди К-лык дискрими­нацияга каршы чыгып, К-дын биригүүсүн та­лап кылган. Индия Респ-сынын 1950-ж. күчүнө кирген конституциясы б-ча К-дын тең укуктуу­лугу ж-а «ыйыктардын» толук укуктуулугу та­анылган. К. Индияда саясий күрөштөрдө кол­донулат.