КАСТАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСТАЛАР (португалча casta – уруу, укум-ту­кум, тек) – 1) кишилердин өз алдынча обочоло­нуп жашаган топтору. Касталардын кесиби, укугу, коомдогу орду укумдан тукумга өзгөрбөй өтүп турат. Касталар арасында бир кастадан экинчисине өтүү, кыз алышып беришүү сыяктуу иштер бол­бойт. Ар бир каста өзүнүн салт-адатын, мыйзам­дарын, мурасталган укуктарын ж-а кесипчили­гин бек кармоого тырышат. Касталар эмгектин коом­дук бөлүнүшүнөн улам чыккан. Алар байыркы ж-а орто кылымдагы эле бир катар мамлекеттер­де болуп, асыресе Индияда катуу өөрчүгөн ж-а узакка сакталган. Орто кылымдагы Индияда касталар коомдун мурдагы варндарга бөлүнүшүн алмаш­тырып, феодалдык коомдун иерархиялык түзүлүшүнүн негизине айланган. Алардын коом­догу укугу феодалдык-иерархиялык шатыдагы өзүлөрүнүн алган ордуна жараша аныкталган. Касталар башында брахмандар ж-а кшатрийлер (рад­жпуттар) касталары, алардан соң сүткор касталары, булар­дан кийин дыйкандар ж-а кол өнөрчүлөр касталары, эң акырында жарым кул ж-а жарым крепост­нойлор касталарынан турган. Кийинкилер көп санда­ган «ыйыктар» касталарына кирген. Ар бир кастаны экономика ж-а коомдук иштер боюнча кеңешме­лер башкарып турган. Индиядагы мындай кас­талык түзүлүш алгачкы орто кылымда эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кайчы келип, ка­питалисттик мамилелердин өнүгүшүнөн улам кол өнөрчүлүктү уюштуруу формасы катары касталар өз маанисин жогото баштаган. Анткен м-н К. 20-кылымга чейин сакталып кала берген. Англиялык колониячылар Индиядагы касталык түзүлүштү «бөл да, деген саясатын жүзөгө ашыруу үчүн пайда­ланган. Индиядагы улуттук-боштондук кыймы­лын жетектеген М. К. Ганди касталык дискрими­нацияга каршы чыгып, касталардын биригүүсүн та­лап кылган. Индия Республикасынын 1950-жылы күчүнө кирген конституциясы боюнча касталардын тең укуктуу­лугу ж-а «ыйыктардын» толук укуктуулугу та­анылган. Касталар Индияда саясий күрөштөрдө кол­донулат.