КАСПИЙ ДЕҢИЗИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КА́СПИЙ ДЕҢИЗИ , К а с п и й (байыркы ж-а о. кылымдарда Г и р к а н, орус жыл баяндарында Х в а л ы н, Х а з а р деп аталган) – дүйнөдөгү ири туюк көл-деңиз. Европа м-н Азиянын чегинде, негизинен чөл ж-а жарым чөл зо-

наларында жайгашкан; Россия, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан ж-а Ирандын жээктерин чулгайт. Батышынан ж-а түштүгүнөн Кавказ, Эльбурс тоолору м-н чектешет. К. д-нин деңгээли океан деңгээлинен төмөн (–27 м). 1929-жылдан 1977-ж. чейин Каспийдин деңгээли 25,9 мден 29 мге чейин төмөндөгөн (бул 400 жыл ичиндеги эң төмөнкү чек болуп саналат). 1978-жылдан деңгээли кайра көтөрүлүп, 1995-ж. 26,6 мге жеткен. Аянты (26,6 м деңгээлдеги) 390 миң км2, көлөмү 78 миң км3. Деңиздин жазылыгы 200–400 км, меридиан б-ча 1030 кмге созулат. Түн. бөлүгү тайыз (22 мге чейин), түштүгүндө 1026 мге чейин тереңдейт. Түн. жээги түзөң, батышы м-н түштүгү негизинен бийик, тоолуу, чыгышы көтөрүңкү; ири булуңдары: Түркмөн-Башы (Красноводск), Түркмөн, Маңкыштак, Казак, Кара-Богаз-Гол; батышында: Кизляр, Аграхан, Кызылагаж, Бакы бухтасы; түштүгүнө тайыз лагуналар мүнөздүү. 50дөй чакан (жалпы аянты 2 миң км2) аралы бар, алардын көбү түн. бөлүгүндө. Волга, Урал, Кура, Терек, Сулак, Сефидруд ж. б. дарыялар куят. Суусунун кышкы темп-расы түштүгүндө 12°Сге чейин, түндүгүндө 0°Сден төмөн, жайында 23– 28°Сге чейин жылыйт. Кышында деңиздин түн. бөлүгү 2–3 айга тоңот. Туздуулугу түн.-чыгышында 12,6–13,6‰, Кара-Богаз-Голдо 300‰ге чейин, Волганын чатына жакын 0,05‰ге чейин азаят. Деңизден балык (осётр, судак, лещ, каңылтыр, килька) көп кармалат; түлөн промысели бар. Нефть ж-а газ казылып алынат. Суудагы нефть продуктуларынын ж-а фенолдордун концент-сы булгануунун коопсуз концентрация чегинен (ККЧ) ашык (ККЧ 2ден 16га чейин). Азов, Кара, Ак ж-а Балтика деңиздери м-н ички суу жолдору аркылуу туташат. Башкы порттору: Баку (Азербайжан), Астрахань, Махачкала (Россия), Шевченко (Казакстан), Энзели (Иран), Түркмөн-Башы (Түркмөнстан), Баку ж-а Түркмөн- Башы ш-н т. ж. парому байланыштырат. Каспийдеги углеводород сырьёлорун өндүрүү ж-а балык кармоо ургаалдуу жүргүзүлгөндүктөн, деңиздин экол. абалы кыйла жабыр тарткан; жээктен алыс бөлүгү гана салыштырмалуу туруктуу абалда.
Ад.: Колебания уровня Каспийского моря. М., 1956;
Каспийское море. М., 1969; Гюль К. К., Лаппалайнен Т. Н., Полушкин В. А. Каспийское море. М., 1970;
Зонн И. С. Каспийская энциклопедия. М., 2004.