КАСАН-САЙ СУРЬМА КЕНИ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАСАН-САЙ СУРЬМА́ КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Чаткал р-нунда, Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш капталындагы Касан-Сай суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 1420–1700 м бийикте. 1934-ж. табылып, 1936–72-ж. мезгилмезгили м-н чалгындалган. Кен аймагын протерозой заманынын аягында пайда болгон акиташ м-н сланецтер түзөт. Кенташ негизинен бул тектердин кошулган жеринде, кээде акиташ тегинин арасындагы брекчия кабаттарында кезигет. Кенташ кабатча түрүндөгү барит, кварц, кальцит, антимонит, сфалерит ж-а сейрек кездешүүчү минералдардан турат. Брекчия кремнийлүү тектердин сыныктарынан түзүлүп, кварц, антимонит, кээде барит, кальцит м-н цементтелген. Кенташ тулкуларынын уз. 30–300 мге созулуп, калыңдыгы 0,7–7,0 мге жетет. Кен герцин металлогениялык доорунда гидротермден пайда болгон. Сурьманын орт. өлчөмү 3,48%. Кенташтын запасы С2 категориясы б-ча 1123 миң т, сурьманыкы 39087 т.