КАСАБЛАНКА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КАСАБЛА́НКА</b> – Марокконун батышындагы | <b type='title'>КАСАБЛА́НКА</b> – Марокконун батышындагы | ||
шаар. Касабланка | шаар. Касабланка облусунун административдик борбору. Атлан­тика океанынын жээгинде жайгашкан. Калкы 3,2 млн (2008). Эл аралык аэропорту бар. Жол­дор тоому. Өлкөдөгү эң ири порт (жылына 25 млн т жүк ташылат). 7-кылымдан Анфа деген ат м-н эскерилет. Шаардын эски бөлүгү (Эски Медина) айланта дарбазалуу дубалдар ж-а бас­тиондор м-н курчалган. Кууш көчөлөрүндө ме­читтер, кумпалуу күмбөздөр ж-а соода жайла­ры жайгашкан. Океанга жакын жерде Хасан | ||
[[File:КАСАБЛАНКА40.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]] | [[File:КАСАБЛАНКА40.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]] | ||
IIнин мечити (1986–93; Улуттук музей, медресе­си, китепканасы м-н; кызгылтым граниттен са­лынган, кооз, 78 колонналуу намазга жыгылуу­чу жайы бар; дүйнөдөгү эң бийик минареттер­дин бири, | IIнин мечити (1986–93; Улуттук музей, медресе­си, китепканасы м-н; кызгылтым граниттен са­лынган, кооз, 78 колонналуу намазга жыгылуу­чу жайы бар; дүйнөдөгү эң бийик минареттер­дин бири, бийиктиги 210 <i>м</i>дей), шаардын жаңы бөлүгүндө кенен аянттар, парктар, фонтандар ж-а көп кабаттуу үйлөр ж. б. салынган. ИИИлер (анын ичинде Пастер, балык, океан, биология ж-а био­химия ж. б.), университеттер (Хасан II ж. б.), консер­ватория, жогорку мектептер, китепканалар, му­зейлер (анын ичинде иудаизм), театрлар бар. Касабланка – өлкө­нүн ири финансы, соода ж-а өнөр жай борбору. Касабланкада Фонд биржасы (көлөмү 19 млрд доллардан ашык; 2006), Марокконун ж-а чет өлкөлөрдүн ири банк­тарынын башкы офистери, өкүлчүлүктөрү, көп улуттук компаниялардын штаб-квартиралары жайгашкан. Машина куруу, нефть ажыратуу, текстиль, тамак-аш (балык ж-а деңиз азыкта­рын белендейт), химия, цемент, тамеки, айнек эмерек өнөр жайы ж-а курулуш материалдар ишканалары иштейт. Балык кармалат. Касабланкага жакын Булауан чебинин калдыктары сакталган. Жыл сайын эл аралык ярмарка өткөрүлүп турат. | ||
[[Категория:4-том, 154-203 бб]] | [[Категория:4-том, 154-203 бб]] | ||
04:54, 8 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КАСАБЛА́НКА – Марокконун батышындагы шаар. Касабланка облусунун административдик борбору. Атлантика океанынын жээгинде жайгашкан. Калкы 3,2 млн (2008). Эл аралык аэропорту бар. Жолдор тоому. Өлкөдөгү эң ири порт (жылына 25 млн т жүк ташылат). 7-кылымдан Анфа деген ат м-н эскерилет. Шаардын эски бөлүгү (Эски Медина) айланта дарбазалуу дубалдар ж-а бастиондор м-н курчалган. Кууш көчөлөрүндө мечиттер, кумпалуу күмбөздөр ж-а соода жайлары жайгашкан. Океанга жакын жерде Хасан

IIнин мечити (1986–93; Улуттук музей, медресеси, китепканасы м-н; кызгылтым граниттен салынган, кооз, 78 колонналуу намазга жыгылуучу жайы бар; дүйнөдөгү эң бийик минареттердин бири, бийиктиги 210 мдей), шаардын жаңы бөлүгүндө кенен аянттар, парктар, фонтандар ж-а көп кабаттуу үйлөр ж. б. салынган. ИИИлер (анын ичинде Пастер, балык, океан, биология ж-а биохимия ж. б.), университеттер (Хасан II ж. б.), консерватория, жогорку мектептер, китепканалар, музейлер (анын ичинде иудаизм), театрлар бар. Касабланка – өлкөнүн ири финансы, соода ж-а өнөр жай борбору. Касабланкада Фонд биржасы (көлөмү 19 млрд доллардан ашык; 2006), Марокконун ж-а чет өлкөлөрдүн ири банктарынын башкы офистери, өкүлчүлүктөрү, көп улуттук компаниялардын штаб-квартиралары жайгашкан. Машина куруу, нефть ажыратуу, текстиль, тамак-аш (балык ж-а деңиз азыктарын белендейт), химия, цемент, тамеки, айнек эмерек өнөр жайы ж-а курулуш материалдар ишканалары иштейт. Балык кармалат. Касабланкага жакын Булауан чебинин калдыктары сакталган. Жыл сайын эл аралык ярмарка өткөрүлүп турат.