КАСАБЛАНКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАСАБЛА́НКА – Марокконун батышындагы шаар. Касабланка облусунун административдик борбору. Атлан­тика океанынын жээгинде жайгашкан. Калкы 3,2 млн (2008). Эл аралык аэропорту бар. Жол­дор тоому. Өлкөдөгү эң ири порт (жылына 25 млн т жүк ташылат). 7-кылымдан Анфа деген ат м-н эскерилет. Шаардын эски бөлүгү (Эски Медина) айланта дарбазалуу дубалдар ж-а бас­тиондор м-н курчалган. Кууш көчөлөрүндө ме­читтер, кумпалуу күмбөздөр ж-а соода жайла­ры жайгашкан. Океанга жакын жерде Хасан

Шаардын жалпы көрүнүшү.

IIнин мечити (1986–93; Улуттук музей, медресе­си, китепканасы м-н; кызгылтым граниттен са­лынган, кооз, 78 колонналуу намазга жыгылуу­чу жайы бар; дүйнөдөгү эң бийик минареттер­дин бири, бийиктиги 210 мдей), шаардын жаңы бөлүгүндө кенен аянттар, парктар, фонтандар ж-а көп кабаттуу үйлөр ж. б. салынган. ИИИлер (анын ичинде Пастер, балык, океан, биология ж-а био­химия ж. б.), университеттер (Хасан II ж. б.), консер­ватория, жогорку мектептер, китепканалар, му­зейлер (анын ичинде иудаизм), театрлар бар. Касабланка – өлкө­нүн ири финансы, соода ж-а өнөр жай борбору. Касабланкада Фонд биржасы (көлөмү 19 млрд доллардан ашык; 2006), Марокконун ж-а чет өлкөлөрдүн ири банк­тарынын башкы офистери, өкүлчүлүктөрү, көп улуттук компаниялардын штаб-квартиралары жайгашкан. Машина куруу, нефть ажыратуу, текстиль, тамак-аш (балык ж-а деңиз азыкта­рын белендейт), химия, цемент, тамеки, айнек эмерек өнөр жайы ж-а курулуш материалдар ишканалары иштейт. Балык кармалат. Касабланкага жакын Булауан чебинин калдыктары сакталган. Жыл сайын эл аралык ярмарка өткөрүлүп турат.