КАСАБЛАНКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАСАБЛА́НКА – Марокконун батышындагы шаар. Касабланка обл-нун адм. борбору. Атлан­тика океанынын жээгинде жайгашкан. Калкы 3,2 млн (2008). Эл аралык аэропорту бар. Жол­дор тоому. Өлкөдөгү эң ири порт (жылына 25 млн т жүк ташылат). 7-к-дан Анфа деген ат м-н эскерилет. Шаардын эски бөлүгү (Эски Медина) айланта дарбазалуу дубалдар ж-а бас­тиондор м-н курчалган. Кууш көчөлөрүндө ме­читтер, кумпалуу күмбөздөр ж-а соода жайла­ры жайгашкан. Океанга жакын жерде Хасан

Шаардын жалпы көрүнүшү.

IIнин мечити (1986–93; Улуттук музей, медресе­си, китепканасы м-н; кызгылтым граниттен са­лынган, кооз, 78 колонналуу намазга жыгылуу­чу жайы бар; дүйнөдөгү эң бийик минареттер­дин бири, бийикт. 210 мдей), шаардын жаңы бөлүгүндө кенен аянттар, парктар, фонтандар ж-а көп кабаттуу үйлөр ж. б. салынган. ИИИлер (а. и. Пастер, балык, океан, биология ж-а био­химия ж. б.), ун-ттер (Хасан II ж. б.), консер­ватория, жогорку мектептер, китепканалар, му­зейлер (а. и. иудаизм), театрлар бар. К. – өлкө­нүн ири финансы, соода ж-а ө. ж. борбору. К-да Фонд биржасы (көлөмү 19 млрд доллардан ашык; 2006), Марокконун ж-а чет өлкөлөрдүн ири банк­тарынын башкы офистери, өкүлчүлүктөрү, көп улуттук компаниялардын штаб-квартиралары жайгашкан. Машина куруу, нефть ажыратуу, текстиль, тамак-аш (балык ж-а деңиз азыкта­рын белендейт), хим., цемент, тамеки, айнек эмерек ө. ж. ж-а курулуш материалдар ишка-

налары иштейт. Балык кармалат. К-га жакын Булауан чебинин калдыктары сакталган. Жыл сайын эл аралык ярмарка өткөрүлүп турат.