КАРШЫЛЫК ТЕРМОМЕТРИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАРШЫЛЫК ТЕРМОМЕТРИ – темп-ра өлчөөчү курал. Анын иштеши металл, куйма ж-а жа­рым өткөргүчтөрдүн электр каршылыктарынын темп-рага көз карандылыгына негизделген. Таза металлдардан (мис., Рt ж-а Сu) жасалган. К. т. электр өткөрбөс материалдан жасалган каркас­ка оролгон металл зым же тасма түрүндө болот.
Платина К. т. – 263төн 1064°Сге чейин, жезден жасалганы – 50дөн 180°Сге чейинки, ал эми жа­рым өткөргүчтүү К. т. (көмүртек, германий ж. б.) төмөнкү темп-раны (0,1–100К) өлчөөдө по­тенциометр, логометр ж. б. м-н чогуу колдо­нулат.