КАРШЫЛЫК ТЕРМОМЕТРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРШЫЛЫК ТЕРМОМЕТРИ – температура өлчөөчү курал. Анын иштеши металл, куйма ж-а жа­рым өткөргүчтөрдүн электр каршылыктарынын температурага көз карандылыгына негизделген. Таза металлдардан (мисалы, Рt ж-а Сu) жасалган, каршылык термометри электр өткөрбөс материалдан жасалган каркас­ка оролгон металл зым же тасма түрүндө болот. Платина каршылык термометри – 263төн 1064°Сге чейин, жезден жасалганы – 50дөн 180°Сге чейинки, ал эми жа­рым өткөргүчтүү каршылык термометри (көмүртек, германий ж. б.) төмөнкү температураны (0,1–100К) өлчөөдө по­тенциометр, логометр ж. б. м-н чогуу колдо­нулат.