КАРШЫЛЫК КӨРСӨТҮҮ КЫЙМЫЛЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАРШЫЛЫК КӨРСӨТҮҮ КЫЙМЫЛЫ – 2-дүй­нөлүк согуштун учурунда (1939–45) фашисттик оккупанттарга ж-а режимге, о. эле Европадагы коллаборационисттерге каршы патриоттук бошт. демокр. кыймыл. К. к. к. фашисттик блоктогу өлкөлөрдө ж-а фашисттер оккупация­лаган аймактарда күч алып, буга оккупация­ланган өлкөлөрдүн эмиграцияда жүргөн өкмөт­төрү, патриоттук уюмдар ж-а партиялар кошул­ган. К. к. к-нын негизги максаты европ. өлкө­лөрдү фашисттик баскынчылардан бошотуу, улуттук көз каранды эместикти калыбына кел­тирүү ж-а демокр. саясий түзүлүштү орнотуу, прогрессивдүү социалдык кайра түзүүлөрдү ишке ашыруу болгон. К. к. к-на катышкандар (жу­мушчу, дыйкан, интеллигенция, дин өкүлдөрү, буржуазия ж-а согушта колго түшкөндөр ж. б.) күрөштүн ар кандай формаларын ж-а методдо­рун колдонушкан: оккупанттардын буйрукта­рын аткарбоо, фашисттерге каршы үгүт иште­рин жүргүзүү, иш таштоо, саботаж, диверсия, массалык демонстрация, партизандык күрөш ж-а куралдуу көтөрүлүш ж. б. К. к. к-на СССР ж-а гитлерге каршы коалициядагы өлкөлөр жар­дам беришкен (фашисттерге каршы партизан­дык күрөштү даярдоо, үгүт иштерин жүргүзүү, согуш куралдары ж-а дары-дармектер м-н кам­сыздоо ж. б.). К. к. к. Югославия, Грекия, Алба­ния, Польша, Франция, Бельгия, Дания, Болга­рия, Италияда кеңири кулач жайган. Фашист­тер басып алган бардык өлкөлөрдөгү К. к. к-нда 2 багыт болгон: 1) коммунисттик ж-а жумушчу партиялар жетектеген радикалдык кыймыл. Алар улуттук-боштондук ж-а өз өлкөсүндө рев­ялык кайра түзүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн ок­купанттарга ж-а коллаборационисттерге каршы куралдуу күрөшкө чыгууну көздөгөн; 2) өз өлкөсүнүн көз каранды эместиги үчүн күрөшүү­гө, согушка чейинки тартипти калыбына келти­рүүгө же либералдык-демокр. түзүлүштү орно­тууга умтулган эмиграцияда жүргөн өкмөттөр, бурж. уюмдар ж-а партиялар. К. к. к. өнүгү­шүндө бир нече этаптарга бөлүнгөн. 1 9 3 9- ж ы л д ы н с е н т я б р ы н а н 1 9 4 1- ж ы л­д ы н и ю н у н а чейин массалык күрөш уюштуруу, үгүт иштерин жүргүзүү, жашыруун уюмдарды түзүү ж-а чыңдоо, күч топтоо мез­гили болгон. 1 9 4 1- ж ы л д ы н и ю н у н а н 1 9 4 2- ж ы л д ы н а я г ы н а чейинки мезгил К. к. к-нын күчөшү м-н мүнөздөлөт. Югосла­вия, Польша, Чехословакия, Болгария, Грекия, Франция, Бельгия, Норвегия, Дания, Нидерланд ж-а Италияда оккупанттарга каршы күрөш күч алып, согуштук уюмдар, улуттук-бошт. армия­лар ж-а фронттор түзүлгөн. 1 9 4 2-ж ы л д ы н а я г ы – 1 9 4 4-ж ы л д ы н ж а з а й ы н а чейинки мезгилде, Кызыл Армиянын Сталин­град ж-а Курск жанындагы тарыхый жеңиши­нен улам согуштун түп-тамырынын өзгөрүшүнө байланыштуу К. к. к-нын социалдык базасы кеңейип, каршылык акциялары массалык түрдө өткөрүлүп, саясий ж-а социал.-экон. маселелер б-ча программалык-документтер иштелип чык­кан. 1 9 4 4-ж ы л д ы н ж а з – ж а й а й­л а р ы н а н 1 9 4 5 -ж ы л д ы н м а й – с е н­т я б р ь а й л а р ы н а чейин Кызыл Армия фашисттик баскынчыларга кыйраткыч сокку уруп, сов. аймактан кууп чыгып, Чыгыш ж-а Түш.-Чыгыш Европа элдерин бошотуп, союздаш­тардын куралдуу күчтөрү м-н бирдикте гитлер­дик Германияны талкалаган.


Ад.: Движение сопротивления в Западной Европе, 1939–45. Общие проблемы. М., 1990; Движение сопротивления в странах Центральной и Юго- Восточной Европы, 1939–45. М., 1995.