КАРШЫЛЫК КӨРСӨТҮҮ КЫЙМЫЛЫ
КАРШЫЛЫК КӨРСӨТҮҮ КЫЙМЫЛЫ – 2-дүйнөлүк согуштун учурунда (1939–45) фашисттик оккупанттарга ж-а режимге, ошондой эле Европадагы коллаборационисттерге каршы патриоттук боштондук демократиялык кыймыл. Каршылык көрсөтүү кыймылы фашисттик блоктогу өлкөлөрдө ж-а фашисттер оккупациялаган аймактарда күч алып, буга оккупацияланган өлкөлөрдүн эмиграцияда жүргөн өкмөттөрү, патриоттук уюмдар ж-а партиялар кошулган. Каршылык көрсөтүү кыймылынын негизги максаты европалык өлкөлөрдү фашисттик баскынчылардан бошотуу, улуттук көз каранды эместикти калыбына келтирүү ж-а демокр. саясий түзүлүштү орнотуу, прогрессивдүү социалдык кайра түзүүлөрдү ишке ашыруу болгон. Каршылык көрсөтүү кыймылына катышкандар (жумушчу, дыйкан, интеллигенция, дин өкүлдөрү, буржуазия ж-а согушта колго түшкөндөр ж. б.) күрөштүн ар кандай формаларын ж-а методдорун колдонушкан: оккупанттардын буйруктарын аткарбоо, фашисттерге каршы үгүт иштерин жүргүзүү, иш таштоо, саботаж, диверсия, массалык демонстрация, партизандык күрөш ж-а куралдуу көтөрүлүш ж. б. Каршылык көрсөтүү кыймылына СССР ж-а гитлерге каршы коалициядагы өлкөлөр жардам беришкен (фашисттерге каршы партизандык күрөштү даярдоо, үгүт иштерин жүргүзүү, согуш куралдары ж-а дары-дармектер м-н камсыздоо ж. б.). Каршылык көрсөтүү кыймылы Югославия, Грекия, Албания, Польша, Франция, Бельгия, Дания, Болгария, Италияда кеңири кулач жайган. Фашисттер басып алган бардык өлкөлөрдөгү каршылык көрсөтүү кыймылында 2 багыт болгон: 1) коммунисттик ж-а жумушчу партиялар жетектеген радикалдык кыймыл. Алар улуттук-боштондук ж-а өз өлкөсүндө революци- ялык кайра түзүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн оккупанттарга ж-а коллаборационисттерге каршы куралдуу күрөшкө чыгууну көздөгөн; 2) өз өлкөсүнүн көз каранды эместиги үчүн күрөшүүгө, согушка чейинки тартипти калыбына келтирүүгө же либералдык-демократиялык түзүлүштү орнотууга умтулган эмиграцияда жүргөн өкмөттөр, буржуазиялык уюмдар ж-а партиялар. Каршылык көрсөтүү кыймылы өнүгүшүндө бир нече этаптарга бөлүнгөн. 1 9 3 9- ж ы л д ы н с е н т я б р ы н а н 1 9 4 1- ж ы лд ы н и ю н у н а чейин массалык күрөш уюштуруу, үгүт иштерин жүргүзүү, жашыруун уюмдарды түзүү ж-а чыңдоо, күч топтоо мезгили болгон. 1 9 4 1- ж ы л д ы н и ю н у н а н 1 9 4 2- ж ы л д ы н а я г ы н а чейинки мезгил каршылык көрсөтүү кыймылынын күчөшү м-н мүнөздөлөт. Югославия, Польша, Чехословакия, Болгария, Грекия, Франция, Бельгия, Норвегия, Дания, Нидерланд ж-а Италияда оккупанттарга каршы күрөш күч алып, согуштук уюмдар, улуттук-бошт. армиялар ж-а фронттор түзүлгөн. 1 9 4 2-ж ы л д ы н а я г ы – 1 9 4 4-ж ы л д ы н ж а з а й ы н а чейинки мезгилде, Кызыл Армиянын Сталинград ж-а Курск жанындагы тарыхый жеңишинен улам согуштун түп-тамырынын өзгөрүшүнө байланыштуу каршылык көрсөтүү кыймылынын социалдык базасы кеңейип, каршылык акциялары массалык түрдө өткөрүлүп, саясий ж-а социалдык-экономикалык маселелер боюнча программалык-документтер иштелип чыккан. 1 9 4 4-ж ы л д ы н ж а з – ж а й а й л а р ы н а н 1 9 4 5 -ж ы л д ы н м а й – с е нт я б р ь а й л а р ы н а чейин Кызыл Армия фашисттик баскынчыларга кыйраткыч сокку уруп, сов. аймактан кууп чыгып, Чыгыш ж-а Түштүк-Чыгыш Европа элдерин бошотуп, союздаштардын куралдуу күчтөрү м-н бирдикте гитлердик Германияны талкалаган.
Ад.: Движение сопротивления в Западной Европе, 1939–45. Общие проблемы. М., 1990; Движение сопротивления в странах Центральной и Юго- Восточной Европы, 1939–45. М., 1995.