КАРНАВАЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАРНАВА́Л (ит. Carnevale, carne – эт ж-а vale – кош бол дегенден) – 1) Италия, Франция, Ис­пания, Германия ж-а Латын Америкасында Улуу орозо алдында майрамдалуучу жаз майра­мы. Бул майрам элдин кооз костюмдарды ки­йип, маска тагынып, көчөлөргө чыгышы м-н коштолот. Өзгөчө Рио-де-Жанейро (Бразилия), Рим, Венеция (Италия), Ницца (Франция), Ка­нар а-дарында кеңири өткөрүлөт, о. эле Герма-

Колумбиядагы карнавал.

ниядагы Фашинг, Жаңы Орлеандагы Мадри- Гра (АКШ) карнавалдары белгилүү. К-дан ки­йин Пасхага чейин орозо учурунда эт жешпейт; 2) заманбап мад-тта костюм, маска кийүү м-н коштолгон ар кандай майрам, оюн-зоок, мас­карад.