КАРНАВАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРНАВА́Л (италянча Carnevale, carne – эт жана vale – кош бол дегенден) – 1) Италия, Франция, Ис­пания, Германия жана Латын Америкасында Улуу орозо алдында майрамдалуучу жаз майра­мы. Бул майрам элдин кооз костюмдарды ки­йип, маска тагынып, көчөлөргө чыгышы менен коштолот. Өзгөчө Рио-де-Жанейро (Бразилия), Рим, Венеция (Италия), Ницца (Франция), Ка­нар аралдарында кеңири өткөрүлөт, ошондой эле Германиядагы Фашинг, Жаңы Орлеандагы Мадри-Гра (Америка Кошмо Штаттары) карнавалдары белгилүү.

Колумбиядагы карнавал.

Карнавалдан ки­йин Пасхага чейин орозо учурунда эт жешпейт; 2) заманбап маданиятта костюм, маска кийүү менен коштолгон ар кандай майрам, оюн-зоок, мас­карад.