КАРИМОВ Ислам Абдуганиевич: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАРИМОВ Ислам Абдуганиевич (30. 1. 1938-ж. т., Өзбекстан, Самарканд ш.) –

Өзбекстан мамл. ж-а саясий ишмери; Өзбекстан президенти, Өзбекстан ИА академиги (1994), Өзбекстан Эл баатыры (1994). О. Азия политехника ин-тун (1960), Ташкент а. ч. ин-тун (1967) бүткөн. 1960–61-ж. «Ташкент айыл чарба машиналары» з-дунда мастердин жардамчысы, улук мастер, технолог, 1961–66-ж. Чкалов атн. Ташкент авиация өндүрүштүк бирикмесинде инженер, жетектөөчү инженер, конструктор, 1966–83-ж. Өзбекстан Мамл. пландоо к-тинин башкы адиси, бөлүм башчысы, төраганын 1-орун басары, 1983–86-ж. Өзбекстан финансы министри, 1986-ж. Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, Мамл. пландоо к-тинин төрагасы. 1986–89-ж. Өзбекстан КП Кашка-Дарыя обкомунун 1-секретары, 1989– 91-ж. Өзбекстан КП БКнын 1-секретары, 1990- жылдан Өзбекстан Президенти ж-а Министрлер кабинетинин төрагасы. 1995-ж. 25-мартта Бүткүл элдик референдумдун чечими м-н К-дун президенттик ыйгарым укугу 2000-ж. чейин узартылган. 2000-, 2007-ж. Бүткүл элдик шайлоодо К. Өзбекстан Респ-нын Президенти болуп кайрадан шайланган. 2002-ж. референдумдун негизинде президенттик ыйгарым укук 5 жылдан 7 ж. чейин узартылган. Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу, Амир Темир ордендери м-н сыйланган.