КАРЕНДЕР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАРЕНДЕР (өздөрүн пгханьо деп аташат) – Мьянманын түштүгү м-н түш.-чыгышында ж-а Таиланддын түн.-батышында жашаган элдердин тобу. Жалпы саны 5тен 7 млнго чейин (2002). К-де уруулук бөлүнүүлөр сакталган. Алардын негизгилери: сго, пво, бве, йао ж. б. уруулар. Диалектилери ж-а үрп-адаттары бири-бириникинен кескин айырмаланат. Карен тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери негизинен – буддисттер, бир кыйласы христиандар (баптисттер), бир азы салттык динди тутат. К-дин ата-бабалары Чыгыш Тибеттен көчүп келип (б. з. 1-миң жылдыгынын ортосунан), Мьянма ж-а Таиланд аймактарына отурукташкан. Негизги кесиби – дыйканчылык (күрүч). Тоолук К. буйвол, бука, эчки асырашат. 20-к-дын ортосуна чейин патриархалдык үй-бүлөгө ылайыкталып, узун салынган үйлөрдө жашаган. Эркектер саронг, жеңсиз күрмө же кыска жеңдүү ак көйнөк кийип, башына шарф байланат. Аялдар юбка, жеңсиз кофта кийип, кооздуктарды тагынышат. Денелерине татуировка коюшат. Индикытай элдеринен айырмаланып, тибеттиктер сыяктуу эчкинин сүтүн ичишет. К-дин улуттук фольклору, музыкасы, ыр, бийлери бар.