КАРЕЛ ТИЛИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАРЕ́Л ТИЛИ – карелдердин тили. Финн-угор тилдеринин Балтика боюндагы финн топчосуна кирет. Үч диалектиге (карел, ливвик же олонец ж-а людик) бөлүнөт. Карел диалектиси финн тилине жакын. К. т-ндеги байыркы жазма эстеликтер 13-к-га таандык. Адабий эстеликтеринин көрүнүктүүлөрү 19-к-да жазылган. К. т-ндеги «Калевала» эпосу дүйнө жүзүнө белгилүү. Жазуусу латын алфавитинин негизинде иштелип чыккан. 20-к-дын ортосунан орус ж-а финн графикасын колдонушат.