КАРЕЛ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЕ́Л ТИЛИкарелдердин тили. Финн-угор тилдеринин Балтика боюндагы финн топчосу­на кирет. Үч диалектиге (карел, ливвик же оло­нец жана людик) бөлүнөт. Карел диалектиси финн тилине жакын. Карел тилиндеги байыркы жазма эс­теликтер 13-кылымга таандык. Адабий эстеликтери­нин көрүнүктүүлөрү 19-кылымда жазылган. Карел тилиндеги «Калевала» эпосу дүйнө жүзүнө белгилүү. Жазуу­су латын алфавитинин негизинде иштелип чык­кан. 20-кылымдын ортосунан орус жана финн графи­касын колдонушат.