КАРЕЛДЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КАРЕЛДЕР</b> (өздөрүн карьялайзет деп аташат)
<b type='title'>КАРЕЛДЕР</b> (өздөрүн карьялайзет деп аташат) –Карелиянын жергиликтүү калкы. Россиянын Тверь, Ленинград, Мурман, Архангел, Москва, Кеме&shy;ров жана башка облустарында, ошондой эле Украина, Беларусь, Эстонияда да жашашат. Жалпы саны 93,3 миң киши, анын ичинде 65,7 миңи Карелияда (2002). Карел жана финн тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгенде&shy;ри – православие динин тутушат. Карелдер Түштүк Каре&shy;лия жана Түштүк Чыгыш Финляндиянын жергиликтүү урууларынын негизинде калыптанган. Биздин замандын 1- миң жылдыгынын аягында карелдердин ата-бабала&shy;ры – корела уруулары Ладога көлүнүн түндүк жана түндүк батыш жээктерине отурукташкан. XI–XII кылымдарда Онега жана Ладога көлдөрүнүн ортосундагы аймактарга жер которуп, вепстер жана саамдар&shy;дын бир бөлүгү менен аралашкан. Коңшу жашап, тыгыз байланышкандыктан, карелдердин маданиятынын өнүгүшүнө орус эли таасир эткен. Карелдер жөнүндөгү ал&shy;гачкы жазуу эстелиги 1143-жылга таандык, XII–XV кылымдарда орус мамлекетинин курамында карел эли пайда болгон. Карелдер дыйканчылык, мал чарбачылык,
Карелиянын жерг. калкы. Россиянын Тверь, Ленинград, Мурман, Архангел, Москва, Кеме&shy;ров ж. б. обл-нда, о. эле Украина, Беларуссия, Эстонияда да жашашат. Жалпы саны 93, 3 миң киши, а. и. 65,7 миңи Карелияда (2002). Карел ж-а финн тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгенде&shy;ри – православие динин тутушат. К. Түш. Каре&shy;лия ж-а Түш. Чыгыш Финляндиянын жерг. урууларынын негизинде калыптанган. Б. з. 1- миң жылдыгынын аягында К-дин ата-бабала&shy;ры – корела уруулары Ладога көлүнүн түн. ж-а түн. батыш жээктерине отурукташкан. 11–12-
к-да Онега ж-а Ладога көлдөрүнүн ортосундагы аймактарга жер которуп, вепстер ж-а саамдар&shy;дын бир бөлүгү м-н аралашкан. Коңшу жашап, тыгыз байланышкандыктан, К-дин мад-тынын
өнүгүшүнө орус эли таасир эткен. К. ж-дөгү ал&shy;гачкы жазуу эстелиги 1143-жылга таандык, 12–
15-к-да орус мамлекетинин курамында карель эли пайда болгон. К. дыйканчылык, мал чар-


[[File:КАРЕЛДЕР4.png | thumb | none]]
[[File:КАРЕЛДЕР4.png | thumb | none]]
бачылык, балык кармоочулук м-н кесиптени&shy;шет. Салттуу кийим-кечесинде орус үлгүсүндөгү
балык кармоочулук менен кесиптени&shy;шет. Салттуу кийим-кечесинде орус үлгүсүндөгү кийим басымдуулук кылат. Карелдердин тамак-ашы – негизинен балык, эт, дан азыктары. Суусундук катары чай, кофе, квас кеңири колдонулат.
кийим басымдуулук кылат. К-дин тамак-ашы –
негизинен балык, эт, дан азыктары. Суусундук катары чай, кофе, квас кеңири колдонулат.
[[Категория:4-том, 154-203 бб]]
[[Категория:4-том, 154-203 бб]]

09:24, 17 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы

КАРЕЛДЕР (өздөрүн карьялайзет деп аташат) –Карелиянын жергиликтүү калкы. Россиянын Тверь, Ленинград, Мурман, Архангел, Москва, Кеме­ров жана башка облустарында, ошондой эле Украина, Беларусь, Эстонияда да жашашат. Жалпы саны 93,3 миң киши, анын ичинде 65,7 миңи Карелияда (2002). Карел жана финн тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгенде­ри – православие динин тутушат. Карелдер Түштүк Каре­лия жана Түштүк Чыгыш Финляндиянын жергиликтүү урууларынын негизинде калыптанган. Биздин замандын 1- миң жылдыгынын аягында карелдердин ата-бабала­ры – корела уруулары Ладога көлүнүн түндүк жана түндүк батыш жээктерине отурукташкан. XI–XII кылымдарда Онега жана Ладога көлдөрүнүн ортосундагы аймактарга жер которуп, вепстер жана саамдар­дын бир бөлүгү менен аралашкан. Коңшу жашап, тыгыз байланышкандыктан, карелдердин маданиятынын өнүгүшүнө орус эли таасир эткен. Карелдер жөнүндөгү ал­гачкы жазуу эстелиги 1143-жылга таандык, XII–XV кылымдарда орус мамлекетинин курамында карел эли пайда болгон. Карелдер дыйканчылык, мал чарбачылык,

балык кармоочулук менен кесиптени­шет. Салттуу кийим-кечесинде орус үлгүсүндөгү кийим басымдуулук кылат. Карелдердин тамак-ашы – негизинен балык, эт, дан азыктары. Суусундук катары чай, кофе, квас кеңири колдонулат.