КАРЕЛДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЕЛДЕР (өздөрүн карьялайзет деп аташат) – Карелиянын жергиликтүү калкы. Россиянын Тверь, Ленинград, Мурман, Архангел, Москва, Кеме­ров жана башка облустарында, ошондой эле Украина, Беларусь, Эстонияда да жашашат. Жалпы саны 93,3 миң киши, анын ичинде 65,7 миңи Карелияда (2002). Карел жана финн тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгенде­ри – православие динин тутушат. Карелдер Түштүк Каре­лия жана Түштүк Чыгыш Финляндиянын жергиликтүү урууларынын негизинде калыптанган. Биздин замандын 1- миң жылдыгынын аягында карелдердин ата-бабала­ры – корела уруулары Ладога көлүнүн түндүк жана түндүк батыш жээктерине отурукташкан. XI–XII кылымдарда Онега жана Ладога көлдөрүнүн ортосундагы аймактарга жер которуп, вепстер жана саамдар­дын бир бөлүгү менен аралашкан. Коңшу жашап, тыгыз байланышкандыктан, карелдердин маданиятынын өнүгүшүнө орус эли таасир эткен. Карелдер жөнүндөгү ал­гачкы жазуу эстелиги 1143-жылга таандык, XII–XV кылымдарда орус мамлекетинин курамында карел эли пайда болгон. Карелдер дыйканчылык, мал чарбачылык,

балык кармоочулук менен кесиптени­шет. Салттуу кийим-кечесинде орус үлгүсүндөгү кийим басымдуулук кылат. Карелдердин тамак-ашы – негизинен балык, эт, дан азыктары. Суусундук катары чай, кофе, квас кеңири колдонулат.