КАРЕЛДЕР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -деги абалы
КАРЕЛДЕР (өздөрүн карьялайзет деп аташат) – Карелиянын жерг. калкы. Россиянын Тверь, Ленинград, Мурман, Архангел, Москва, Кемеров ж. б. обл-нда, о. эле Украина, Беларуссия, Эстонияда да жашашат. Жалпы саны 93, 3 миң киши, а. и. 65,7 миңи Карелияда (2002). Карел ж-а финн тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – православие динин тутушат. К. Түш. Карелия ж-а Түш. Чыгыш Финляндиянын жерг. урууларынын негизинде калыптанган. Б. з. 1- миң жылдыгынын аягында К-дин ата-бабалары – корела уруулары Ладога көлүнүн түн. ж-а түн. батыш жээктерине отурукташкан. 11–12- к-да Онега ж-а Ладога көлдөрүнүн ортосундагы аймактарга жер которуп, вепстер ж-а саамдардын бир бөлүгү м-н аралашкан. Коңшу жашап, тыгыз байланышкандыктан, К-дин мад-тынын өнүгүшүнө орус эли таасир эткен. К. ж-дөгү алгачкы жазуу эстелиги 1143-жылга таандык, 12– 15-к-да орус мамлекетинин курамында карель эли пайда болгон. К. дыйканчылык, мал чар-

бачылык, балык кармоочулук м-н кесиптенишет. Салттуу кийим-кечесинде орус үлгүсүндөгү кийим басымдуулук кылат. К-дин тамак-ашы – негизинен балык, эт, дан азыктары. Суусундук катары чай, кофе, квас кеңири колдонулат.