КАРА-ШОРО ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА-ШОРО ӨРӨӨНҮ – Фергана тоо тизмеги­нин түш.-батыш капталындагы бийик тоо өрөө­нү, капчыгай, жайлоо, кооз жер. Өзгөн р-нунун аймагында. Оштон 130 км, Жалал-Абаддан 110 км, Өзгөндөн 75 км аралыкта. Капчыгай­дын таманы анча жазы эмес. 2100–2300 м би­йикте жатат. Чыгыштан батышка 26 кмге со­зулат; туурасы 5–6 км. Каптал капчыгайлары (Чабай, Качыралы-Төр, Чоң ж-а Кичи Кулубек, Аксур) кокту-колоттуу келип, кыска. Климаты континенттик. Декабрь–февраль айлары ызгаар­дуу (–15... –20°С), жайы жылуу (12–15°С). Жыл­дык жаан-чачыны 1000 ммге чейин. Жайыл-


Өрөөндүн баш жагы.

маларда ж-а тоо этектеринде тал, терек, кайың, долоно, табылгы, карагат, шилби, жыл­гын, ит мурун, ыргай ж. б. өсөт. Тоо каптал­дарына арча-бадал аралашкан бийик чөптүү шалбаа (2900–3000 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаалары ж-а шалбаалуу талаа, ни­валдык-гляциалдык ландшафт алкактары мү­нөздүү. Качыралы-Төр капчыгайынын ичи өзгөчө кооз, мында токой аралаш бийик чөптүү шалбаа ж-а жылаңач аскалуу беттер жатат. Минералдуу суулары бар (к. Кара-Шоро мине­ралдуу суусу). Экотуризмге ылайыктуу жер.