КАРА-ШОРО ӨРӨӨНҮ
КАРА-ШОРО ӨРӨӨНҮ – Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталындагы бийик тоо өрөөнү, капчыгай, жайлоо, кооз жер. Өзгөн районунун аймагында. Оштон 130 км, Жалал-Абаддан 110 км, Өзгөндөн 75 км аралыкта. Капчыгайдын таманы анча жазы эмес. 2100–2300 м бийикте жатат. Чыгыштан батышка 26 кмге созулат; туурасы 5–6 км. Каптал капчыгайлары (Чабай, Качыралы-Төр, Чоң ж-а Кичи Кулубек, Аксур) кокту-колоттуу келип, кыска. Климаты континенттик. Декабрь–февраль айлары ызгаардуу (–15... –20°С), жайы жылуу (12–15°С). Жылдык жаан-чачыны 1000 ммге чейин. Жайыл-

маларда ж-а тоо этектеринде тал, терек, кайың, долоно, табылгы, карагат, шилби, жылгын, ит мурун, ыргай ж. б. өсөт. Тоо капталдарына арча-бадал аралашкан бийик чөптүү шалбаа (2900–3000 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаалары ж-а шалбаалуу талаа, нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Качыралы-Төр капчыгайынын ичи өзгөчө кооз, мында токой аралаш бийик чөптүү шалбаа ж-а жылаңач аскалуу беттер жатат. Минералдуу суулары бар (к. Кара-Шоро минералдуу суусу). Экотуризмге ылайыктуу жер.