КАРА-ТОО ФОСФОРИТ БАССЕЙНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА-ТОО ФОСФОРИ́Т БАССЕЙНИ Казакстан­дын Жамбыл ж-а Чымкент обл-нын аймагын­да. Кара-Тоо кырка тоосунун түн.-чыгыш капта­лында жайгашкан. Уз. 125 км, туурасы 25 км болуп, созулуп жаткан тилкеден турат. Кен би­ринчи жолу 1936-ж. ачылып, 1937–39-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. 1946-жылдан казылып алынат. Фосфорит катмарларынын калыңдыгы 80 мге жетет. Кен кембрий мезги­линин башында пайда болуп, Чолок-Тоо геол. свитасында орун алган. Фосфорит кени 30–35 м калыңдыктан турат. Фосфорит горизонту тек­тон. жаракалар м-н туш келди жарылып, 45 участкага бөлүнөт. Булардын ар бири өз алдынча фосфорит кени болуп саналат. Фосфорит таза ж-а кремнийлүү, карбонаттуу түрлөрдөн турат. Эң таза ж-а жогорку сапаттагы карбонаттуу фос­фориттерде P2O5 25–30%ке жетет. Бассейнде фос­фориттин жалпы баланстык запасы 15 млрд т га барабар. 1970-жылдан баштап Ак-Сай, Жаңы- Таш кендери ачык казылып алына баштаган.
Чолок-Тоодо фосфорит штрек м-н жер астынан өндүрүлөт. Бассейндеги фосфорит кендеринин базасында (Кара-Тоо ш.) тоо-хим. комбинат иш­ке киргизилген. Комбинат фосфорит унун, о. Эле P2O5 28%тен жогору байытылган концентрат­ты, P2O5 23%тен ашык товардык кенташты даярдайт. Таразда суперфосфат, Чымкентте фос­фор з-ду иштейт.


Ад.: Фосфориты Каратау. М., 1969.

Ч. Иманалиев.