КАРА-ТАШ КУМ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-ТАШ КУМ КЕНИ Ош обл-нун Сузак р-нунда, Маркай кыш-нан 1,5 км чыгыш тарапта, Фергана тоо тизмегинин батыш тармагы Сүрөөн-Төбө бөксө тоосунун түш. капталында жайгашкан. 1953-ж. табылган. Кен аймагын мезозой заманындагы чөкмө тектер түзөт. Кум катмары бор мезгилиндеги чөкмө тектердин арасында жатат. Калыңдыгы 19–25 м, уз. бир нече кмге созулат. Кум начар камдашкан, негизинен кварц, кремний, кээде талаа шпаты ж-а чөкмө тектердин сыныктарынан турат. Кумда 0,15тен 0,6 ммге чейинки фракция басымдуу. 20 ммге чейинки шагылдар аз санда кездешет. С. салм. 2,52–2,57. Запасы 465,7 миң м3. Кумду чопо м-н чаңдан арылтып, жууп, кум шыбакка пайдаланса болот.