КАРА-СУУ КВАРЦ КУМУ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА-СУУ КВАРЦ КУМУ КЕНИ Баткен обл-нун Лейлек р-нунда, Исфана ш-нан 5 км түн.-чыгышта, деңиз деңг. 1147–1355 м бийик­те. 1993–94-ж. Түш. Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аймагы палеозой, палеоген, төртүнчүлүк системаларынын карбонат-терриген катмарларынан турат. Кварц куму палеоген­деги сузак катмарчасы м-н байланышып, үч кабатка бөлүнгөн. Кумдун орт. калыңдыгы 25,05 м. Кум ылгоодон кийин айнек идиш, бөтөлкө, изолятор, түтүкчө, такта айнек жа­соого ж-а айнек кебезин өндүрүүгө жарамдуу.
Запасы В категориясы б-ча 1494 миң т, С1 – 5380 миң т.