КАРА-СУУ КВАРЦ КУМУ КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-СУУ КВАРЦ КУМУ КЕНИ Баткен облусунун Лейлек районунда, Исфана шаарынан 5 км түндүк-чыгышта, деңиз деңгээлинен 1147–1355 м бийикте. 1993–94-жылдарда Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Кен аймагы палеозой, палеоген, төртүнчүлүк системаларынын карбонат-терриген катмарларынан турат. Кварц куму палеогендеги сузак катмарчасы м-н байланышып, үч кабатка бөлүнгөн. Кумдун орточо калыңдыгы 25,05 м. Кум ылгоодон кийин айнек идиш, бөтөлкө, изолятор, түтүкчө, такта айнек жасоого ж-а айнек кебезин өндүрүүгө жарамдуу. Запасы В категориясы боюнча 1494 миң т, С1 – 5380 миң т.