КАРА-СУУ (Кочкор районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-СУУ (Үч-Булак, Алкым, Кара-Ой) – Нарын обл-нун Кочкор р-нундагы кыштак. Ак-Кыя айыл округуна караштуу. Бишкек – Торугарт автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1855 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыш-нан 7 км чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 65 км. Кыштак 1938-ж. негизделген. Калкы 2563 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, клуб, ФАП бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.