КАРА-САЗ (Кочкор районундагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА-САЗ – Нарын обл-нун Кочкор р-нундагы кыштак. Кош-Дөбө айыл округуна караштуу.
Үкөк суусунун боюнда, деңиз деңг. 1995 м би­йикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыш-нан 16 км түш.-чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 76 км. Кыштак 1930-ж. негиз­делген. Калкы 1396 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бак­ча, мад-т үйү, ФАП, амбулатория бар. Улуу Ата Мек. согушта курман болгондорго эстелик тур­гузулган. Кыштактын эки тарабы тең саз бол­гондуктан, К.-С. аталып калган.